Биз менен байланышыңыз

Эми жарандар Башкы прокуратурага мобилдик тиркеме аркылуу кайрылса болот

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 349 | 0

Жарандардын укуктук аң-сезимдерин жогорулатуу максатында Башкы прокуратура «Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемесин иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

«Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси коомчулуктун суроо-талаптарын эске алуу менен жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүгө жана прокуратура органдарына кайрылууга ыңгайлаштырылган.

Тиркеме аркылуу күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүгө, үй-бүлөлүк маселелер, мүлктүк талаш-тартыштар, жөлөк пул, пенсия дайындоо, бийлик органдарынын милдеттери боюнча көйгөй жараткан маселелерди окуп, түшүнүп алса болот.

Андан сырткары электрондук кабылдама да бар. Эгерде кайсы бир кызматкерге арыздар болсо, аны түз жөнөтүүгө да мүмкүнчүлүк каралган.

Аталган мобилдик тиркемени Play market платформасынан жана Башкы прокуратуранын www.prokuror.kg расмий сайтынан көчүрүп алууга болот.

«Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «КРда укук үстөмдүгү – II фаза» Программмасынын көмөгү менен ишке ашырылды.

Copyright © 2017 Maral FM