Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Брюсселге барууну пландап жатат

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 578 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы саясатындагы маанилүү өнөктөшү болгон Европа Биримдиги менен көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Буга байланыштуу ал Брюсселге иш сапары менен барып, Европа Биримдигинин жетекчилиги менен күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулоону көздөгөнүн кошумчалады.

Тараптар 5-ноябрда Бишкекте Борбордук Азия — Европа Биримдигинин I экономикалык форумун Борбор Азия мамлекеттери жана Европа Биримдигинин жетекчилиги, бизнес жана каржы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жогорку деңгээлде өткөрүүнү макулдашышты.

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала Кыргызстан менен ЕБнын эки жана көп тараптуу кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин айтып, кызматташууну мындан ары улантууга даяр экенин белгиледи.

Ал европа тарап үстүбүздөгү жылда Президент Садыр Жапаровдун Европа Биримдигине келишин күтүп жатканын айтты.

Региондогу күн тартибине токтолгон Терхи Хакала Кыргызстандын Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү демилгесин колдой турганын билдирди.

Өз кезегинде Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор Кыргызстандын демократиялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүдөгү лидерлигин жана өлкөдөгү адам укуктарынын абалын канааттануу менен белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM