Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Германиянын жаңы бийлиги Кыргызстанга пайда алып келиши мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2021 | 1341 | 0

Германия Өкмөтүн 16 жыл башкарган консерватор Ангела Меркель кызматтан кетип, ордуна «Социал-демократтар» партиясынан Олаф Шольц шайланып келди. Жаңы канцлердин келиши кыргыз-немис алакасына жакшы таасирин тийгизиши ыктымал. Мындай пикирин Чынара Эсенгул «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан да социал-демократиялык жолду кармангандыктан, бийликке социал-демократтын өкүлүнүн келиши эки тарапка пайда алып келиши мүмкүн. Андыктан эл үчүн жакшы долбоорлорду сунуштасак болот.

«Социал-демократтардын бийлигинде бизнесте болобу, тышкы саясатта болобу, мамлекеттин позициясы күчтүүрөөк болорун белгилөө керек. Биз да социал-дмократиялык жолдо болгондуктан, социализмдин алкагында эл үчүн жакшы долбоорду жасаганга көп идеяларды сунуштасак болот. Ошол эле билим берүүдө программалык алмашуу болуп, студенттер ал жакта окуп келсе, квотасын көбөйтүшү мүмкүн. Өзүңүздөр билесиздер, бул жакта немис диаспорабыз бар. Алар аркылуу да биз Германиядан инвестиция алып келип жүрөбүз. Ал тарапты да күчөтсө болот. Жалпысынан өтө жапайы капитализм багытында  эмес, социал-демократтардын ошол жагына көбүрөөк басым жасоо керек деген ойдомун», — деди Чынара Эсенгул.

Анткен менен мунун экинчи тарабы да бар экенин белгилеп өттү ал өз сөзүндө. Себеби эки өлкөнүн алакасына Европа Биримдигинин биздин өлкөгө көз карашы да, андан тышкары Германия — Орусия, Германия — Кытай мамилелери да таасир этиши мүмкүн.

«Европа Биримдиги кандай саясат жүргүзсө да, Германия аны колдойт. Ошон үчүн Шольц мырза да: «Европа Биримдигин күчтөгөнгө аракет жумшайбыз», — деп билдирди. Биз да ошол Европа Биримдиги менен Германияга чогуу көңүл бурушубуз керек», — деди эксперт.

Copyright © 2017 Maral FM