Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Германиянын көп тараптуу кызматташуусу талкууланды

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 419 | 0

29-октябрда Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаевдин Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Германиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө кызматташуу жана 2022-жылы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында биргелешкен иш-чараларды жана сапарларды уюштуруу талкууланды.

Ошондой эле Германиянын Тышкы иштер министрлигинин “Жашыл Борбордук Азия” демилгесинин алкагында кызматташуу жана ушул жылдын ноябрь айында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларын уюштуруу тууралуу сөз болду.

Copyright © 2017 Maral FM