Биз менен байланышыңыз

Сырттан келген инвестиция 2019-жылдагы көлөмгө жете элек

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 863 | 0

Ушул жылдын январь айынан июнь айына чейинки аралыкта чет өлкөлөрдөн 321 млн доллар тике инвестиция келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе көп болгонун Улуттук статистика комитети билдирди.

Тактай кетсек, 2020-жылы аталган айлардын аралыгында Кыргызстанга 164,4 млн доллар келип, 2019-жылга салыштырмалуу 2,4 эсеге азайган. 2019-жылдын биринчи алты айында чет өлкөдөн 393,7 млн доллар инвестиция келген болчу.

Быйлкы жылдын биринчи алты айында келген жалпы инвестициянын көпчүлүгү Кытайга (31.8%) таандык. Ал эми 19.3%ы Түркиядан, 11.4%ы Нидерландыдан, 10.1%ы Улуу Британиядан тартылган.

КМШ өлкөлөрүнөн тике инвестициянын тартылуусу 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 1.8 эсеге көбөйгөн.

  • Азербайжан — 11.0% (саламаттыкты сактоо, дүң жана чекене соода);
  • Орусия — 3% (өндүрүш, электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба жабдуусу, дүң жана чекене соода);
  • Казакстан — 18.6% (пайдалуу кендерди казуу, өндүрүш, дүң жана чекене соода).

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике инвестициянын көлөмү 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү.

  • Германия – 10.2% (каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу, өндүрүш);
  • Кипр — 5.7% (өндүрүш);
  • Улуу Британия — 3.5% (геологиялык чалгындоо);
  • Түркия — 3.0% (пайдалуу кендерди казуу, өндүрүш);
  • Кытай — 2.0% (геологиялык чалгындоо, кен казуу);
  • Швейцария — 1.7% (маалымат жана байланыш);
  • Нидерланды — 21.8 пайыз (өндүрүш, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу, маалымат жана байланыш).

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын басымдуу көпчүлүгү (97%дан ашыгы) геологиялык чалгындоо ишканаларына, пайдалуу кендерди казуу, өндүрүш, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, маалымат жана байланышка, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM