Биз менен байланышыңыз

Германиянын жаңы канцлери — Олаф Шольц

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 1160 | 0

Олаф Шольц Германиянын канцлери болуп шайланды. «Социал-демократтын» өкүлүнө Бундестагдын 395 депутаты «макул» добушун берди. Бул тууралуу немис маалымат булактары жазды.

Жаңы канцлердин инаугурациясы Беллевю сарайында өтүп, президент Франк-Вальтер Штайнмайер канцлердикке дайындоо жөнүндө жарлыктын көчүрмөсүн тапшырды.

Олаф Шольц өлкөнү 16 жыл башкарган Ангела Меркелден кийинки тогузунчу канцлер болуп калды. Ал 1958-жылы Оснабрюкте туулган. Адистиги юрист.

Шольц Бундестагдын эки чакырылышына (1998-2001 жана 2002-2011-жылдары) депутат болгон. 2007-2009-жылдары Германия Өкмөтүндө эмгек министри, 2011-2018-жылдары Гамбург шаарынын бургомистри (мэри), 2018-жылдын март айынан тарта Германиянын вице-канцлери — финансы министри кызматтарын аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM