Биз менен байланышыңыз

Германия Кыргызстанга коронавируска каршы 110 миң доза вакцина берет

Кыска кабар | 21 Авг 2021 | 380 | 0

Германия Кыргызстанга коронавируска каршы 110 миң доза вакцина берет. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган Габриэла Геллил тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Германия элчиси Геллил билдиргендей, эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Германия өкмөтүнүн COVAX механизми аркылуу Кыргызстанга 110 миң доза вакцина бөлүп берет. Логистикалык маселелер кошумча талкууланат.

Ошондой эле тараптар кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары алдыдагы эки тараптуу иш-чараларга байланыштуу маселелер талкууланды. 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө, анын ичинде жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту. Эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү максатында Бишкекте француз-герман маданият институтун ачуу маселеси өзүнчө талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM