Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Германия ишкерлер кеңеши түзүлөт

Кыска кабар | 20 Окт 2021 | 396 | 0

19-октябрда Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы башкы консулу, профессор Рейнхольд Креммелди жана Кыргызстандын Шлезвиг-Хольштейн федералдык жериндеги ардактуу консулу Кристоф Крошкени кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Рейнхольд Креммель менен Кристоф Крошке Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары катары өздөрүнүн иши тууралуу маалымат берип, Германиядагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы пландарын баяндашты.

Руслан Казакбаев ардактуу консулдар менен инвестициялар үчүн жагымдуу шарт түзүү, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн туруктуу байланышын арттыруу максатын көздөгөн Кыргызстан-Германия ишкерлер кеңешин түзүү маселесин талкуулады.

Ошондой эле Казакбаев ардактуу консулдарга Германиядагы Кыргызстандын жарандарына көрсөткөн жардамы, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын өкүлдөрү менен байланыштарды бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM