Биз менен байланышыңыз

Германия: Эмдөөдөн баш тарткан кызматкерлер жумуштан айдалды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 1276 | 0

Германияда коронавируска каршы эмдөөдөн баш тартканы үчүн майыптарга жана карыларга кам көргөн кызматкерлер жумуштан айдалды. Өлкөдө кызматкерлердин бул категориясы биринчи кезекте вакцина алуучулар тобуна кирет.

«Bildдин» айтымында, улгайган адамдарга жана майыптарга кам көргөн компания коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү каалабаган жети кызматкерди жумуштан бошотту.

Ошол эле учурда, Германияда эмдөө ыктыярдуу болуп саналат. Мындай жүйө менен жумуштан бошотуу биринчи жолу катталып жатат.

«Чечимди компаниянын жетекчиси кабыл алды. Ал буга чейин өзүнүн кызматкерлерине бир чечимге келүүгө эки күн убакыт берген. Бирок алар эмдөөдөн баш тартышкан», — деп жазды басылма.

Басылманын маалыматы боюнча, белгиленген мөөнөттө 3 кызматкер эмдөөдөн өтүүнү каалабагандыгын жана дагы 4 кызматкер бир чечимге келе албагандыгын айткан. Алар иштен бошотулгандан кийин компаниянын ээсине вакцинанын каршылаштары тарабынан ар кандай коркутуулар келе баштаган.

Германияда коронавируска каршы эмдөө декабрдын аягында башталган.

2020-жылдын аягына чейин өлкө «Pfizer/BioNTech’тен» 1,3 миллион дозадан ашык вакцина алган. Дагы 4 миллион доза 2021-жылдын башына чейин жеткирилиши керек болчу. Бирок вакцинанын жеткирүү мөөнөтү кийинкиге жылдырылышы мүмкүн экени жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM