Биз менен байланышыңыз

Соңку суткада 7 миң адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 13 Янв 2022 | 367 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 149 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 миң 149 адам вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 258 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 254 миң 653 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 46 миң 885 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.

Copyright © 2017 Maral FM