Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 7 миң 155 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 21 Ноя 2021 | 337 | 0

21-ноябрга карата 7 миң 155 адам коронавируска каршы эмдөө алганын COVID-19 боюнча республикалык штаб кабарлады.

Алардын ичинен 3 миң 338 адам биринчи дозасын, 3 миң 817 адам экинчи дозасын алган.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 70 миң 464 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 851 миң 71 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM