Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы ревакцинация декабрда башталат

Кыска кабар | 15 Ноя 2021 | 505 | 0

Кыргызстанда корнавируска каршы ревакцинация декабрда башталат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, канында антителолордун деңгээли 3 бирдиктен аз болгон жарандарга ревакцинация жүргүзүлөт. Жазында эмдөөдөн өткөн жарандардын бүгүнкү күндө ооруну жуктуруп алуу коркунучу бар. Каалаган жарандар тесттен өтүп, организмдеги антителолордун саны 3 бирдиктен аз болсо, ревакцинациядан өтө алышат.

Саламаттыкты сактоо министри кошумчалагандай, өлкөдө эмдөө темпи өтө төмөн жүрүүдө. Учурда максаттуу топтун 46%ы эмдөөнүн биринчи дозасын алса, экинчи дозасы менен 36%ы гана эмделди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө 29-мартта башталган. Учурда өлкө боюнча жалпы 1 млн 38 миң 427 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 817 миң 530 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Copyright © 2017 Maral FM