Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиев отставкага кетеби?

Коом | 21 Дек 2021 | 2715 | 0

20-декабрда Бишкекте Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) техникалык колдоосу менен коронавирустун штаммдары боюнча кеңешме өткөн. Ага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да катышып, иш-чара боюнча телеканалдардын бирине пикирин билдирген. Видеодон анын көзүнүн көгөргөнүн көрүүгө болот. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Соцтармактын колдонуучулары анын отставкасы жакындап калганын, кызматтан алуу боюнча медицина кызматкерлери кол чогултуп жатканын жазышты. Алымкадыр Бейшеналиев отставкага кетеби? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 20-декабрда «Ала-Тоо-24» каналына көзү көгөргөн абалда маек берди. Министрдин бул абалда ЖМКга чыгуусу коомчулукта кызуу талкуу жаратып, анын аткарып жаткан иштери, жасап жаткан реформалары кызуу сынга кабылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Алымкадыр Бейшеналиев 17-декабрда «Алтын балалык» реабилитациялык борборунда көчөт отургузуп жатканда арча түшүп кеткенин маалымдаган.

Андан эки күн мурун эле Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Бахтияр Абсаматов саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү үчүн кол топтой баштаган. Ошондой эле ал министрди кызмттан алуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Медицина тармагы боюнча эксперт Бермет Барыктабасова министрдин көзүнүн көгөргөнү сыяктуу окуя ар бир адамда болушу мүмкүн экенин, ага көңүл бурбай, аткарган ишин кароо керектигин белгиледи.

«Эмне жасаса да элге жакпайт, дарыгерлерге жакпайт, себеби түшүнүксүз. Реформа эле реформа деп коет, андай реформаны дүйнөдө да, Кыргызстанда да эч ким жасабайт. Ал оюндагысын кылып жатпайбы. Жасалып жаткан реформалар менен көзүнүн көгөргөнүн теңдебөө керек, ага көңүл бурбоо керек. Ар бир адамдын башына келиши мүмкүн. Ал: «Мен эле реформа жасап жатам, мен билем, мен Петр Iмин» деп мактанып жатпайбы. Бул жагы туура эмес. Эч кандай комментарий бергим келбейт. Себеби, биз канчалык туура эмес кылып жатканын айтсак, ал ошончолук ойногонсуп, баарын бузууда».

Ал ортодо журналисттердин отставкага кетирүү үчүн кол топтолуп жатканы боюнча берген суроосуна министр: «Жакшы иштесең, кет дешет», — деп жооп берген. Ошондой эле ал 30 жылдан бери элдин акчасын уурдап жүргөндөрдү кетирип жатканын кошумчалаган.

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев министрдин аткарып жаткан ишин экиге бөлүп карады.

«Мен министрдин иштерин экиге бөлөт элем, бир жагынан анын жасап жаткандары — «отлично». Көп жылдан бери медициналык элитада отурган адамдар өзгөрүп жатат. Тактап айтканда, медицина тармагын бөлүп алышып, канча жылдан бери үстүндө отурган. Бирок иши пландуу эмес. Күтүүсүз чыга калып эле «бул оорукананы жабам, анын ордуна 10 поликлиника кылам» деп ийип жатпайбы. Аны кайсы жол менен кылат, ал учурда эл кайсы жакка барат, дарыгерлер кайсы жакта иштешет деген сыяктуу маселелер ойлонулбай эле. Бул жагы туура эмес деп ойлойм. Өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, бирок пландоо менен. Бул баш-аягын, ортосун көрсөтпөй айтып салат, эл түшүнбөй, эмне кылышты билбей, отуруп калабыз».

Ошондой эле ал медицина тармагына реформа жасоо үчүн системаны өзгөртүү керектигин белгилеп өттү.

Буга чейин Бейшеналиев саламаттыкты сактоо тармагындагы реформалар тууралуу баяндап жатып, өлкөдө кургак учукка каршы 43 оорукана жана диспансер жабыларын айткан. Аларды жабууга дарылануу үчүн кайрылгандардын жокко эсе болуп, имараттардын бош калуусу себеп болгонун билдирген. Жакында эле Республикалык диагностика борборун балдар ооруканасына айлантып, Психикалык ден соолук борбору менен наркология борборун бириктирди.

Жаш дарыгер Эрмек Исмаилов медицина тармагында дарыгерлердин айлык акысын көтөрүү жана жарандардын бир жылда бир жолу медициналык текшерүдөн өткөрүү программаларын киргизүү менен реформа жасаса болмок деп эсептейт.

«Менимче, эң биринчи реформаны бүт Кыргызстанды электрондук системага өткөрүүдөн баштаса туура болмок. Себеби бүгүнкү күндө ошол электрондук система жок болгондуктан дарыгерлерге кайрылуу, кабылдамасына баруу кыйынчылык жаратып жатат. Чынын айтсам, азыр медицина тармагы 180 градуска өзгөрүп кетет деген ойдон алысмын. Себеби бизде, медицина тармагында, көптөгөн кемчиликтер бар. Бирок аны акырындап жакшы багытка бурса болот. Саламаттыкты сактоо министрлигине жакшы менеджер келсе жакшы болмок. Балким медик эмес, бирок менеджер. Себебин дүйнөлүк башка өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында билебиз».

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Алымкадыр Бейшеналиевди бир нече жолу кызматтан алууну талап кылышкан.

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин курамын бекитип, бир катар министрлер кызматтан кеткен. Бирок Алымкадыр Бейшеналиев кызмат ордунда калган. 12-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы болуп Акылбек Жапаров дайындалган. Анда да курамга өзгөртүүлөр кирип, алмашуулар болуп, анда да Бейшеналиев ордунан кеткен эмес.

Copyright © 2017 Maral FM