Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 5 миң адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 5 Дек 2021 | 715 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 5 миң 447 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 552 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 895 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 135 миң 451 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 915 миң 439 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM