Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 6 миң 830 адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 12 Янв 2022 | 513 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 6 миң 830 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 130 адам вакцинанын биринчи дозасын 3 миң 700 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 250 миң 954 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 42 миң 747 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү былтыр март айында башталган.

Copyright © 2017 Maral FM