Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 10 миңден ашуун адам эмделди

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 399 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 260 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 803 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 457 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 110 миң 287 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 892 миң 910 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Кошумчаалай кетсек, Түштүк Африкада 11-ноябрда коронавирустун жаңы «омикрон» штаммы мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган.

Жаңы штамм жөнүндө маалыматтардын негизинде, Саламаттыкты сактоо министрлиги «омикрон» жаңы штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып, анын өлкөгө кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу максатында ал өлкөлөрдүн тизмесин Чек ара кызматына берет. Мындай өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салынат.

Copyright © 2017 Maral FM