Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад милициясына 15 жаран куралын тапшырды

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 558 | 0

Жалал-Абад милициясы парламенттик шайлоо күнү коомдук коопсуздукка чара көрүү жана кылмыштардын алдын алуу максатында «Арсенал» текшерүү операциясын өткөрдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

Иштин жүрүшүндө 50 курал-жарак сактаган жай, 2200дөн ашуун мергенчинин курал сактоо эрежеси текшерилген. Анын натыйжасында тиешелүү эрежени бузган 52 атуул аныкталган. Алардын 12сине айып салынып, 40ына эскертүү берилген.

Милициянын бир катар түшүндүрүүлөрүнөн кийин 15 жаран куралын өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Булардан тышкары аймактагы мекемелердин 267 куралы көзөмөлдөн өткөн.

                                                    

Copyright © 2017 Maral FM