Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад облусунун жетекчиси 1600 балага кийим алып берди

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 860 | 0

Бүгүн, 8-сентябрда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына экинчи ирет мектеп формасын, спорттук кийим тапшырды.

Айта кетсек, облус жетекчиси жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына кам көрүү демилгесин көтөрүп, аны демөөрчүлөр колдоого алган. Ишкерлердин каржылоосу астында Президенттин облустагы өкүлчүлүгү башталгыч класстын окуучуларына жаңы окуу жылына карата мектеп формаларын, спорттук кийимдерди таратып жатат.

Абсаттар Сыргабаев бүгүн Жалал-Абад шаарындагы 200 окуучуга кийим-кечек берди. Ал эми аймактардагы балдардын кийимдерин район жетекчилиги таратат.

Copyright © 2017 Maral FM