Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Кадастрдын» Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Масабировго үгүт жүргүзгөн

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 1139 | 0

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин депутаттыкка талапкерлердин пайдасына үгүт жүргүзгөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК кызматкерлери 10-ноябрда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Султаналиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Ата Журт -Кыргызстан» партиясынан талапкер Таалайбек Масабировго үгүт жүргүзгөнүн аныктап, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнө жана тез жооп берүү координациялоо тобуна материалдарды өткөрүп беришкен.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү бул фактыны 10-ноябрда маалымат журналына каттаган. Текшерүүнүн жыйынтыгында Султаналиевдин үгүт жүргүзгөнү тастыкталган, бирок Жоруктар жөнүндө кодекстин 87-беренесинин 2-бөлүгү боюнча текшерүү аракеттери токтотулган.

Ошону менен бирге Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын башчысына сөгүш жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM