Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин депутаттыкка талапкерлердин пайдасына үгүт жүргүзгөнү аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
УКМК кызматкерлери 10-ноябрда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Султаналиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Ата Журт -Кыргызстан» партиясынан талапкер Таалайбек Масабировго үгүт жүргүзгөнүн аныктап, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнө жана тез жооп берүү координациялоо тобуна материалдарды өткөрүп беришкен.
Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү бул фактыны 10-ноябрда маалымат журналына каттаган. Текшерүүнүн жыйынтыгында Султаналиевдин үгүт жүргүзгөнү тастыкталган, бирок Жоруктар жөнүндө кодекстин 87-беренесинин 2-бөлүгү боюнча текшерүү аракеттери токтотулган.
Ошону менен бирге Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын башчысына сөгүш жарыяланган.