Connect with us

«Кумтөр» кени дагы 25-30 жыл иштей тургандыгы айтылды

Кыска кабар | 18 Ноя 2024 | 191 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геология кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев Кумтөр алтын кени дагы 25-30 жыл иштейт тургандыгын 18-ноябрда «Спутник Кыргыстан» агенттигинде өткөн брифингде айтты.

«Кумтөр» компаниясы кенди жердин алдынан казуу иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүп жатат. Бул ыкма менен кенди каза турган кору 147 тоннага чейин барат. Бул иштер эки-үч жылдан кийин башталмакчы. Аны менен катар эле мамлекеттик баланс менен бекитилген запастын бүгүнкү күндөгү көлөмү 250 тоннадан ашык. Мындан сырткары, уулуу калдыктар сакталган жайды экинчи ирет иштетүү боюнча да дагы бир долбоор бар», — деп айткан Сатыбалдиев.

2025-жылы Кумтөр алтын кенинен 10 млрд 454 миллион сом киреше түшүүсү пландалып жатканын парламентте финансы министри Алмаз Бакетаев айткан.

«Эмки жылы Кумтөр алтын кенинен 10 млрд 454 миллион сом киреше түшөрүн пландаштырып жатабыз. Анткени жаңы технологияларды киргизип, жаңы өндүрүштүк ыкмалар колдонулат. Ошондуктан капиталдык чыгымдар көбүрөөк болот. Андан кийинки жылдары киреше көбөйөт».

Ал эми быйылкы жылдын жыйынтыгы менен 11,5 млрд сом түшүүсү күтүлүп жатат.

«Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын төрагасынын орун басары Канымет Токтосунов Кумтөр алтын кенинин эмки жылдагы кирешесин пландоо аягына чыга электигин, учурда пландоо жүрүп жатканын, ушул жылдын 15-декабрына чейин чыгарыларын айтты.

Канымет Токтосунов жыл соңуна чейин «Кыргызалтындан» болжолдуу түрдө 11 млрд 385 миң 845 сом киреше түшүүсү күтүлүп жатканын белгиледи.

«Кыргызалтын» ишканасы жыл башынан бери 101 кг алтын өндүргөн. Ал эми салык жана башка төлөмдөр аркылуу мамлекеттик бюджетке 823 миллион сом салык төлөнгөн.

Жыл башынан берки тогуз айда Кумтөр алтын кенин казган ишкана салык жана башка төлөмдөр аркылуу мамлекеттик бюджетке 10 млрд 37 млн сом төккөн. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM