Жалал-Абад облусунда 3 млн 195 миң сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Токтогул райондук прокуратурасы Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысын аныктаган.
Токтогул айыл өкмөтүнүн 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги жалпы 0,24 га жер аянтын ээлеген гараж Т.И. аттуу тургундун жеке менчигине берилип кеткен.
Райондук прокуратуранын сотко келтирилген доо арызы менен 3 млн 195 миң сомдук бул кыймылсыз мүлк мэриянын менчигине кайтарылды.