Connect with us

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев акка моюн сунду

Жаңылык , Кыска кабар | 24 Ноя 2024 | 78 | 0

Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстан УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, белгилүү хирург, Мамбет Мамакеев 97 жашында көз жумду.

Суук кабарды жакындары кабарлашты. Мамбет Мамакеев узака созулган оорудан улам каза тапты.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган.

Мамакеев 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Илимдин 15 докторун, 26 кандидатын тарбиялаган. Hегизги илимий эмгектери өт ооруларын дарылоо, өттөгү ташты хирургиялык жол менен алуу, ошондой эле бейтаптарга хирургиялык шашылыш жардам көрсөтүүгө арналган.

Дүйнөдөгү эң кары хирургдардын бири болгон. Ал 90 жаштан ашса да, ишин улантып келген. Иш тажрыйбасында 30 миңден ашык операция жасаган. Мындан улам узакка созулган карьерасы үчүн Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM