Connect with us

Кыргызстанда жол эрежесин бузуудан 525 млн сом өндүрүлдү

Жаңылык , Кыска кабар | 24 Ноя 2024 | 158 | 0

Кыргызстанда акыркы 10 айда жол эрежелерин бузуудан мамлекеттик бюджетке 525 млн 324 миң 955 сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл башынан тартып жалпысынан 890 миң 461 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке 525 млн 324 миң 955 сом өндүрүлгөнү айтылды. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 80 млн сомго көп.

Алардын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган – 11 миң 265;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган – 165 миң 162;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар – 2948;
  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган – 19 миң 396;
  • автоээнбаштык кылган – 444;
  • жол белгилерине баш ийбеген – 428 миң 72;
  • коопсуздук курун тагынбаган – 109 миң 870 айдоочу аныкталган;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 85 миң 400 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM