Биз менен байланышыңыз

Ошто 13 жашар өспүрүм көп кабаттуу үйдөн боюн таштады

Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 329 | 0

Кечээ, 23-февралда саат 20:00дө Ош шаарынын Шакиров көчөсүндөгү беш кабаттуу үйдүн үстүнөн 13 жашар бала кулап каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө өспүрүм 2008-жылдын октябрь айында туулганы, жанында дагы 4 бала болгону аныкталды.

Балдардын биринин көрсөтмөсүнө караганда, там башына адегенде 5 өспүрүм чыккан. Кийин үч өспүрүм жерге түшүп кетип, каза тапкан бала менен дагы бир досу калган. Ошол учурда жанын кыйган өспүрүм теңтушунун телефонун сурап, бир кыз менен видеочалуу аркылуу сүйлөшүп, аягында «кош бол, мени кечир» деген.

Телефонду кайтарып берген соң, «Апа, мени кечир!» деп, капыстан өзүнүн боюн таштап жиберген. Жанындагы досу анын мындай чукул аракетке барарын ойлогон эмес.

Күбө катары суралышкан теңтуштарынын, жакындарынын айтымында, ал буга чейин эле: «Мен өлөм, март айында жок болом, мени көрбөйсүңөр», — деп айтып келген.

Учурда бул факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Каза болгон өспүрүм Ош шаарындагы мектептердин биринде 7-класста окучу.

Copyright © 2017 Maral FM