Биз менен байланышыңыз

Президент «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Кыска кабар | 21 Окт 2021 | 612 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда 2020-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча «Эң мыкты айыл өкмөтү» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Сынак «шарты катаал айыл өкмөтү», «шарты ыңгайлуу айыл өкмөтү» деген эки топто өткөрүлгөн.

Биринчи топтон төмөнкүлөр жеңүүчү аталды:

— I орун 1 млн 500 миң сом — Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтү;

— II орун 1 миллион сом — Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтү;

— III орун 500 миң сом — Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтү;

Экинчи топтон төмөнкүлөр сыйланды:

— I орун 1 млн 500 миң сом — Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтү;

— II орун 1 миллион сом — Тогуз-Торо районунун Атай айыл өкмөтү;

— III орун 500 миң сом — Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтү.

Мындан тышкары төмөнкү жетекчилер аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 30 жылдыгына карата Президенттин энчилүү саатын алышты:

Абдыразаков Асылбек Таштанбекович — Аламүдүн районунун Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы;
Дүйшөбаев Мукталы Бошкоевич — Манас районунун Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы;
Мозгачева Виктория Андреевна — Бишкек шаарынын вице-мэри;
Усенова Эльмира Валентиновна — Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары.

Ошондой эле төмөнкү жетекчилерге Президенттин алкышы жарыялады:

Аппасов Каныбек Сагынбекович — Алай районунун акими;
Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович — Ат-Башы районунун акими;
Ормоков Эрнисбек Абдижалилович — Жалал-Абад шаарынын мэри;
Рахманкулов Алмазбек Рахманкулович — Лейлек районунун акими.

Copyright © 2017 Maral FM