Биз менен байланышыңыз

Оштогу жол кырсыгы: Жети бейтап оор абалда

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 853 | 0

Бүгүн, 16-ноябрда Ош – Өзгөн унаа жолундагы кырсыкта жабыркагандардын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан 22 адам жабыркап, анын ичинен 7 адам каза болгон. Медициналык жардам алуу үчүн ар түрдүү жаракат менен 15 адам кайрылган.

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө 7 адам жаткырылган, алардын абалы өтө оор. Нейрохирургия жана травматология бөлүмүнө 2 адам, ошондой эле Шаардык клиникалык ооруканага 1 адам жаткан, абалдары орто.

Мындан тышкары, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 2 бала жаткырылган, абалдары оор деп бааланууда.

Жабыркаган үч адам биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн Ош – Өзгөн трассасында үч унаа кагышып, анын кесепетинен 7 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM