Биз менен байланышыңыз

Оштогу «Лотос» балдар үйү санитардык талаптарга жооп бербейт

Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 996 | 0

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Ош шаарындагы балдар үйлөрүнүн абалы менен таанышып чыкты. Алардын бири «Лотос» балдар үйүнүн абалы өтө начар экенине күбө болушкан.

Улуттук борбордун Ош облусу боюнча өкүлү Улугбек Абдулазмов бир кабаттуу балдар үйүндө 12 томолой жетим тарбияланарын, алардын тамак-ашына жана башкасына каржы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан бөлүнөрүн, балдарды директор менен бир тарбиячы көзөмөлдөөрүн айтып, мекеменин абалы боюнча буларга токтолду:

«Тарбиялануучулардын жашоо-шарты санитардык талапка таптакыр жооп бербейт: дубалынан жарака кетип, электр зымдары сыртка салаңдап турат. Туш кагаздарынын баары тытылып калган. Таштандыны ар кайсы жерге таштай беришкен. Ашканасында бир ай мурда жасалган тамак-аштын калдыктары турат, жытынан жүрөк айланат. Идиштери кемтик же жаракасы бар. Жуунуучу жайдагы суу түтүктөрү жарактан чыккан. Балдар кантип жууна турганын сураганымда, бири-бирине суу куюп берип жуунушарын айтышты. Уктоочу бөлмөдөгү төшөнчү-орун эскирип, тытылып калган. Шейшеби жок кара төшөктө жатышат». 

Ал балдар үйү капиталдык оңдоого муктаж экенин, ага кошул-ташыл администрация да милдеттерин шаалакы аткарып, ар-намысты басмырлаган, балдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч туудурган иштерди жасап жатышканын кошумчалап өттү.

Бул маселе боюнча «Лотос» балдар үйүнө эскертүү, сунуштар берилип, топтолгон материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.

 

Copyright © 2017 Maral FM