Биз менен байланышыңыз

Көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу 8,3 %га арзандады

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 415 | 0

Кыргызстанда көмүрдүн баасы ноябрга салыштырмалуу дээрлик 9%га төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Көмүрдүн чекене баасы 17-декабрга карата ноябрь айына салыштырмалуу орточо эсеп менен алганда бир тоннасы 5 205,5 сомду түзүп, 8,3 %га төмөндөдү.

«Бул анын Исфана (бир тонна үчүн – 2 268,9сом), Баткен (бир тонна үчүн – 1 930,1 сом), Ноокат (бир тонна үчүн – 1 755,0 сом) жана Талас (бир тонна үчүн – 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшүнө байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында бир тонна үчүн — 3 000 сом, Балыкчы шаарында бир тонна үчүн – 4 049,7 сом, Нарында бир тонна үчүн – 4 500 сом жана Кара-Балта шаарларында бир тонна үчүн – 4 500 сом болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө жогорку баа Ноокатта бир тонна үчүн – 7 663,1 сом, Баткенде бир тонна үчүн – 7 788,7 сом жана Кербенде бир тонна үчүн – 7 250,6 сом шаарларында катталды.

2021-жылы көмүрдүн орточо керектөөчү баалары
айрым калк жашоочу пункттарында

(бир тонна, сом)

Ноябрь 17-декабрга Четтөө:

Өсүү (+), төмөндөө (-)

(2021-ж. 17-декабры 2021-ж.-ноябрына)

Кыргыз Республикасы 5 677,0 5 205,5 -471,6
Каракол ш. 6 334,6 6 325,7 -8,9
Балыкчы ш. 4 049,7 4 049,7 0,0
Кербен ш. 5 999,2 7 250,6 1 251,4
Токтогул ш. 7 395,1 6 488,9 -906,2
Жалал- Абад ш. 7 054,0 6 988,1 -65,9
Чаек а., Жумгал району 3 000,0 3 000,0 0,0
Нарын ш. 4 500,0 4 449,7 -50,3
Исфана ш. 9 117,3 6 848,4 -2 268,9
Баткен ш. 9 718,8 7 788,7 -1 930,1
Кара-Суу ш. 7 000,0 7 000,0 0,0
Ноокат ш. 9 418,1 7 663,1 -1 755,0
Өзген ш. 6 246,7 5 863,6 -383,1
Покровка а., Манас району 5 500,0 5 800,0 300,0
Талас ш. 7 232,7 5 612,5 -1 620,3
Кара-Балта ш. 4 500,0 4 500,0 0,0
Токмок ш. 4 647,6 4 598,9 -48,7
Бишкек ш. 5 039,4 4 500,0 -539,4
Ош ш. 7 165,6 6 763,5 -402,0

Белгилей кетсек, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы токтому менен №209 көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM