Биз менен байланышыңыз

Жапаров көмүр маселесин чечүүгө эки жума убакыт берди

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 1623 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, кышка даярдык тууралуу укту.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Токтогул суу сактагычында суунун топтолушу жана отун менен камсыз кылууда пайда болгон кыйынчылыктарга карабастан, бардык маселелерди иштеп чыгуу зарыл.

«Негизги милдет – калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана отун менен камсыздоо. Учурда чиновниктердин шалаакылыгынан улам республиканын аймактары көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатат. Буга жол берилбеши керек, азыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сиздерге эки жума убакыт берем. Көмүрдү өз убагында камдоо электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, белгиленген лимиттерди сактоого шарт түзмөк», – деди Жапаров.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги астында көмүрдүн баасын көзөмөлдөө үчүн Энергетика министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик жумушчу топ түзүлө турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM