Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 432 | 0

Бишкектеги Мурманск көчөсү, 1б/1 дарегинде көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кампада көмүр лимит менен сатылууда, бир үй-бүлөгө 2 тоннадан гана берилет.

Лимит сатуучулар тарабынан алып сатарлыктын алдын алуу максатында киргизилген. Жакынкы күндөрү лимит алынышы мүмкүн. Учурда Бишкекке 16 машина көмүр келе жатат, алардын ар биринде 25-30 тоннадан көмүр бар.

Кечээ президент Садыр Жапаров эл менен жолугушууда  борбордо көмүрдүн баасы тоннасына 3 миң сомго чейин арзандарын убадалаган.

Copyright © 2017 Maral FM