Биз менен байланышыңыз

Көмүрдүн баасы дээрлик 20 %га жогорулады

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 423 | 0

Көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча 28- октябрга карата өткөн жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен бир тонна үчүн 5 306,7 сомго же 19,7 %га жогорулады. Бул тууралуу Улутстатком билдирди.

Көмүргө эң жогорку баа Ноокатта бир тонна үчүн 9 миң 794 сом, Баткенде бир тонна үчүн  9 миң  524 сом жана Исфанада бир тонна үчүн 8 миң 642 сом болуп катталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында бир тонна үчүн —  3 000 сом, Балыкчы шаарында бир тонна үчүн – 4 000 сом жана Нарын шаарында бир тонна үчүн – 4 200 сом болгону байкалды.

Көмүргө карата орточо керектөө бааларынын талдоосу өлкөнүн 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин негизинде берилген.

Күз-кыш мезгилинде Кыргызстан 3 млн тонна көмүр жагат, бирок учурда «Кыргызкөмүр» ишканасы 200 миң тонна гана берүүгө даяр. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов «Марал» радиосуна берген мегинде билдирди.

Учурда республикада лицензиясы бар 45тей жеке менчик көмүр казган ишкана бар жана анын ичинен экөө мамлекеттики. Эң чоң көлөмдөгү көмүр «Кара-Кечедеги» бассейнде казылат.

Copyright © 2017 Maral FM