Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Бүгүн-эртең борбордо көмүрдүн баасы төмөндөйт

Кыска кабар | 15 Ноя 2021 | 998 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарынын ТЭЦ – 2 аймагындагы конуштун жашоочулары менен жолугушту.

Буга чейин, ушул жылдын августунда мамлекет башчысы стратегиялык объектте болуп, андан соң жергиликтүү тургундар менен кездешкен. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ТЭЦ-2нин айланасындагы тилкелерди трансформациялоо, социалдык объектилердин курулушу жана башка көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүшкөн.

Ал билдиргендей, электроэнергия менен көйгөйдү чечүү үчүн ТЭЦ – 2 стратегиялык объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүү пландалууда.

Мамлекет башчысы Кыргызстан дарыялардын башында турганына карабай, бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттоого аргасыз болуп жатканын эске салды.

Ал электроэнергиянын тартыштыгына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет кошумча ТЭЦ жана кичи ГЭСтерди курууну пландап жатканын айтып берди.

Тилкелерди трансформациялоого байланыштуу президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине тийиштүү тапшырма берди.

«Ушул жуманын аягына чейин Министрлер кабинетинин токтому чыгып, андан кийин энергетиктер башка бардык процедураларды бүтүрүп, андан соң кызыл китептерди чыгаруу башталат», — деди ал.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө ТЭЦ – 2нин жанындагы конушту Бишкек шаарынын курамына киргизүү жөнүндө маселени чечүү тапшырылды.

Мамлекет башчысы ТЭЦ – 2нин жанындагы конуштун тилкелерин тараснформациялоо маселеси узак жылдардан бери чечилбей келгенин белгилеп, мындан ары жер басып алуу деген түшүнүк болбой турганын айтты.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда президент Садыр Жапаров күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча Министрлер кабинетине тапшырмалар берилгенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүн-эртең борбордо анын баасы сезилерлик төмөндөйт.

Copyright © 2017 Maral FM