Кыргызстанда көмүрдүн баасы ноябрга салыштырмалуу дээрлик 9%га төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Көмүрдүн чекене баасы 17-декабрга карата ноябрь айына салыштырмалуу орточо эсеп менен алганда бир тоннасы 5 205,5 сомду түзүп, 8,3 %га төмөндөдү.
«Бул анын Исфана (бир тонна үчүн – 2 268,9сом), Баткен (бир тонна үчүн – 1 930,1 сом), Ноокат (бир тонна үчүн – 1 755,0 сом) жана Талас (бир тонна үчүн – 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшүнө байланыштуу», — деп айтылат маалыматта.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында бир тонна үчүн — 3 000 сом, Балыкчы шаарында бир тонна үчүн – 4 049,7 сом, Нарында бир тонна үчүн – 4 500 сом жана Кара-Балта шаарларында бир тонна үчүн – 4 500 сом болгону байкалды. Ошол эле учурда көмүргө жогорку баа Ноокатта бир тонна үчүн – 7 663,1 сом, Баткенде бир тонна үчүн – 7 788,7 сом жана Кербенде бир тонна үчүн – 7 250,6 сом шаарларында катталды.
2021-жылы көмүрдүн орточо керектөөчү баалары
айрым калк жашоочу пункттарында
(бир тонна, сом)
Ноябрь | 17-декабрга | Четтөө:
Өсүү (+), төмөндөө (-) (2021-ж. 17-декабры 2021-ж.-ноябрына) |
|
Кыргыз Республикасы | 5 677,0 | 5 205,5 | -471,6 |
Каракол ш. | 6 334,6 | 6 325,7 | -8,9 |
Балыкчы ш. | 4 049,7 | 4 049,7 | 0,0 |
Кербен ш. | 5 999,2 | 7 250,6 | 1 251,4 |
Токтогул ш. | 7 395,1 | 6 488,9 | -906,2 |
Жалал- Абад ш. | 7 054,0 | 6 988,1 | -65,9 |
Чаек а., Жумгал району | 3 000,0 | 3 000,0 | 0,0 |
Нарын ш. | 4 500,0 | 4 449,7 | -50,3 |
Исфана ш. | 9 117,3 | 6 848,4 | -2 268,9 |
Баткен ш. | 9 718,8 | 7 788,7 | -1 930,1 |
Кара-Суу ш. | 7 000,0 | 7 000,0 | 0,0 |
Ноокат ш. | 9 418,1 | 7 663,1 | -1 755,0 |
Өзген ш. | 6 246,7 | 5 863,6 | -383,1 |
Покровка а., Манас району | 5 500,0 | 5 800,0 | 300,0 |
Талас ш. | 7 232,7 | 5 612,5 | -1 620,3 |
Кара-Балта ш. | 4 500,0 | 4 500,0 | 0,0 |
Токмок ш. | 4 647,6 | 4 598,9 | -48,7 |
Бишкек ш. | 5 039,4 | 4 500,0 | -539,4 |
Ош ш. | 7 165,6 | 6 763,5 | -402,0 |
Белгилей кетсек, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы токтому менен №209 көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген.