Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев кызматтан кетүү себебин түшүндүрдү

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 899 | 0

«Кечээ премьер-министр Марипов менен жолугуп, отставкага кетүү тууралуу арызымды тапшырдым», — деген мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев журналисттер менен болгон жолугушуусунда арыз жазганынын себебин түшүндүрдү.

«Муну алып келди, муну кетирип атат» дебегиле. Өз каалоом менен кетип жатам. Президент кызматта калуумду суранды, иштей бербейсиңби деп. Мен ооруп жатам, оорусам да иштеп жүрөм. Азыр ооруканага жатып, дарыланышым керек. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алдым. Бул кызматка президент Садыр Жапаровдун өтүнүчү менен убактылуу келгем. Кыйын учур болгондуктан келдим. Мен миссиямды аткардым деп ойлойм. Бийликте туруктуулук орноп, президент дайындалды», — деди Түлөбаев.

Түлөбаев алдыдагы шаардык кеңешке шайлоого катышпай турганын кошумчалады.

Бүгүндөн тарта Бишкек шаарынын мэринин милдетин 44 жаштагы ишкер Эрмек Нургазиев аткарып жатат. Балбак Түлөбаевди Бишкек шаарынын мэри кызматына 2020-жылдын 27-октябрында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаров дайындаган.

Балбак Түлөбаев 48 жашта. Ал 2018-2020-жылдары Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеди. Андан кийин 2020-жылдын 27-июлунан бери Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп келди.

Балбак Түлөбаев: Атабыздан калган орун жок, мамлекеттин, элдин солдатыбыз

Copyright © 2017 Maral FM