Биз менен байланышыңыз

Баш калаанын башчылыгын талашкандар

Саясат | 27 Окт 2020 | 664 | 0

Бишкек шаарынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев дайындалды. Буга чейин ал өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп турган, ал эми шаар башчысынын орду 22-октябрдан бери бош калгандан кийин, шаардыктар бир канча талапкерлерди көрсөтүп, айрымдары өзүлөрүн сунуштап, өкмөт башчыга чейин кайрылышты.

Шаар мэринин милдетин аткаруучу болуп Нариман Түлеев 20-октябрда дайындалгандан 2 күн өтүп, ал отставкага кетүү тууралуу арызын жазган. Бул учурда шаардыктар бир катар талапкерлерди сунуштап, кээ бирлери өзүн мэр кызматына көрсөткөн.

Алардын бири Төрөхан Жунусбеков өз талапкерлигин көрсөтүп, мэр болууга татыктуу экенин, мыйзамдын беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга жооп бере турганын айтып, премьер-министр Садыр Жапаровдун макулдугун алганын билдирген.

Ал «Марал» радиосуна берген маегинде мэр болууга Садыр Жапаровдун макулдугун алганын, бул кадамдарга Нариман Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучулук кызматка дайындалганы себеп болгонун айтат.

Жапаров менен сүйлөштүк. Ал документтерди карап, өмүр баянымды окуп чыккандан кийин макулдугун берген. «Эгер коррупциялык же башка ызы-чуу салган иштерге катышсаң түрмөгө кетесиң» деп айтканда, мен баарына даярмын дедим. Биринчиден мыйзамды сыйлайм, экинчиден мен Кудайдын алдында жоопкерчиликти сезем. Негизи, башында мэр болом деген ой жок болчу. Нариман Түлеев кызматка дайындалгандан кийин реакция кылдык да. Жаштар чогулуп, өзүбүз талапкер көрсөтүлүчү деп калды. Анан мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды карап, мени «мэр болуп бериңиз» деп суранышканынан макул болгом, — дейт Жунусбеков.

Жунусбеков эми мэрликке жаңы дайындалган Балбак Түлөбаевди колдой турганын кошумчалады.

Ал эми жарандык активист Асхат Осмонов видео кайрылуу жасап, Садыр Жапаров жаштарды кызматка алып келишин күткөндүгүн айткан.

Мен үй курулушчумун. Шаарды көркүнө чыгарып коюу колумдан келет. Бирок мен башкалардай болуп, жулкунуп, эшигиниздин алдында сагаалап, тынчыңызды алган жокмун. Мен жумуш сурабайм, бирок кадр маселесинде кризис болуп жатса, мен даярмын. Нариман Түлеевдин кандай иштегенин билебиз. Ошонун ордуна мени коюп койсоңуз деле мен Суракматовдон жакшыраак иштеп бермекмин. Биз өзүбүздү сунуштабасак, бизди эч ким чакырбайт экен, — деген кайрылуусунда.

Бирок, Осмонов бүгүнкү билдирүүсүндө шаардын тургундары жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, шаардык кеңеш көрсөткөн талапкер Жамалбек Рысалиевди колдой турганын билдирип, жаңы мэр Балбак Түлөбаев менен иштеше албай турганын айтат.

Биз шаардын тургундары, ар кандай кыймылдар жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен сүйлөшүп, Жамалбек Рысалиевдин талапкерлигин жактырдык. Мен жеке өзүм Жамалбек мырза менен сүйлөшүп, талапкерлигимди ага өткөрүп береримди айттым. Мен вице-мэр болуудан дагы баш тартам. Ал эми Балбак Зарлыковичти дагы жакшы билем, аны сыйлайм, урматтайм. Кылган иштерине баа берем. Бирок мен ал менен иштеше албайм, өзүнө дагы айттым, — деди Осмонов.

Аталган талапкерлерден сырткары Болот Ибрагимов, Жамалбек Рысалиев жана башка жарандык активисттерди социалдык тармактын колдонуучулары калаа башчылыкка көрсөтүштү. Балбак Түлөбаев кызматка дайындалгандан кийин мэриянын алдында чогулган эл менен сүйлөшүп, талапкерлигин көрсөткөн бардык активисттерди кызматка чакырды.

Мыйзамга ылайык, калаа мэрин шаардык кеңеш шайлайт. Бирок, кезектеги чакырылыштын мөөнөтү бүтүшүнө 6 айдан аз убакыт калган учурда калаа башчысын премьер-министр дайындайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов «Маралга» билдирди.

Мыйзамда ушундай белгиленген: эгерде Бишкек шаарынын кеңешинин кезектеги чакырылышынын мөөнөтү бүтөрүнө 6 айдан аз убакыт калса, анда мэрди өкмөт башчы шайлайт. Азыр кырдаал ошондой. Шаардык кеңеш карап турабыз да, сын-пикирибизди айтып. Балбак Түлөбаевди дайындаптыр, эми ага макул же макул эмеспиз дей албайбыз, аны иштешкенден кийин айтабыз да. Эгерде коомчулуктун талабы боюнча карай турган болсок, эл люстрацияны талап кылып жатат, Түлөбаев ага ылайык келбей калат, ал эски бийлик менен иштешкен киши, — деди шаардык депутат.

Шаардык кеңештин депутаты ошондой эле өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндөрдүн арасында билимдүү, кызматка татыктуулары бар экенин жана айрым талапкерлер мыйзамдагы мэрдик кызматка туура келбей турганын кошумчалады.

Буга чейин борбор калаа башчысы Азиз Суракматов 6-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, бирок кайтып келген. 19-октябрь Нариман Түлеевди биринчи вице-мэр кылып дайындагандын эртеси ишин Түлеевге өткөрүп берген. Шаар тургундары буга каршы чыгып, мэриянын алдында нааразылык акцияларын өткөрүшкөндөн кийин, мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев отставкага кетүү тууралуу арыз жазып берген.

Copyright © 2017 Maral FM