Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев: Атабыздан калган орун жок, мамлекеттин, элдин солдатыбыз

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 1181 | 0

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Шаардын жаңы мэри болуп Эрмек Нургазиев дайындалды. Аны бүгүн эмгек жамаатына тааныштырылды.

Балбак Түлөбаев мэриянын жыйынында сөз сүйлөп жатып, жаңы мэрдин ишин колдоого чакырды. Ошондой эле өзү бийлик кайсы жакка жиберсе, барып иштегенге даяр экенин кошумчалады.

— Кыйын күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Ушул жерде түнкү саат 3-4кө чейин иштедик, арабызда жыгылгандар болду. Бири-бирибизди жөлөп отуруп, ушул даражага жеттик. Жаңы мэрибизди колдойлу. Себеби шаарда бир мүнөт, секунд да бош турууга болбойт. Атабыздан калган орун жок, мамлекеттин, элдин солдатыбыз. Мамлекеттин башындагылар бизди кайсы жакка жиберсе, барып иштешибиз керек. Мурунку иштер улана берет деген ойдомун. Баарыңарга ырахмат, жумуш убагында жаман-жакшы айтышсак, кечирип коюңуздар. Алдыда чоң-чоң иштер турат. Урматтуу жаңы мэр, коллективиңиз баары кесипкөй кызматкерлер. Мен да сизди колдоп турууга даярмын. 

Балбак Түлөбаевди Бишкек шаарынын мэри кызматына 2020-жылы 27-октябрында премьер-министр болгон Садыр Жапаров дайындаган.

Балбак Түлөбаев 48 жашта. Ал 2018-2020-жылдары Бишкек мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеди. Андан кийин 2020-жылдын 27-июлунан бери Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп келди.

Copyright © 2017 Maral FM