Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев: Ысык-Көлдө коронавирус күчөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2020 | 871 | 0

Ысык-Көлдө эпидемиологиялык кырдаал 1-2 жумада курчушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди. Ал акыркы саясий окуялар, элди топтоого болгон чакырыктар вирустун көбөйүшүнө себепкер болуп жатканын белгилейт.

— Ысык-Көл облусунда эпидемиялык абалдын эң жогорку көрсөткүчү октябрь айынын 20-25теринде боло турганы айкын. Анткени элдин көпчүлүгү, ошону менен катар эле көлдүн тургундары 5-6-октябрда митингге барышты. Вирустун өөрчүү мезгилин эске алганда, Ысык-Көлдө 20-октябрдан кийин коронавирус илдетин жугузуп алгандардын саны чоң көрсөткүчкө жетет. Буга өлкөдөгү туруксуз абал таасирин тийгизип жатат. Бийликтегилер батыраак бир чечимге келип, ишке киришсе болмок, — дейт Балбак Түлөбаев.

Ошого катар эле облус эпидемиялык абалга даяр экендигин билдирди. Каракол жана Чолпон-Ата шаарларындагы ооруканалар буткөрүлүп, бир аз гана майда жумуштары калгандыгын айтты. Аппараттардын, бейтаптар үчүн орундуктардын бардыгы жетиштүү, болгону дары-дармектин запасы 2 айга гана жетерин кабарлады.

— Андан кийин эмне болот белгисиз. Саламаттыкты сактоо министрлиги акча жок деп жатат. Ансыз да буга чейин карыз болгон. Азырынча өзүбүз кичине акча камдап турууга аракет кылып жатабыз. Негизи ал каражат облусту өнүктүрүүгө жумшалышы керек болчу. Айла жок, ошону колдонобуз го муктаждык жаралса.

Түлөбаевдин айтымында, жалпы чектөөлөр боюнча учурда сөз жок, бирок вирустун жайылуусу күч алган аймактар өз алдынча карантинге алынат.

Copyright © 2017 Maral FM