Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясынын өкүлү 45 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 964 | 0

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышка шектүү У.К. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдетин аткаруучу болуп турганда 45 миң долларды опузалап алган.

6-декабрда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM