Бишкекте 15 мектеп толук онлайн режимде окууга өттү, анткени анда COVID-19 менен ооругандар көп. Бул тууралуу брифингде Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын кызматкери Гүлмира Акматова билдирди.
Анын айтымында, салттуу режимде окуган окуучулардын арасынан 1 миң 607 окуучу үйдөн окууга арыз жазган.
Ошондо эле, ал COVID-19 илдети 45 окуучудан жана 24 мугалимден аныкталганын белгиледи. Окуучулардын бирөөсү пневмонияга кабылган.
Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда.