Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөө качан болору айтылды

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 1138 | 0

4-майдан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо улантылат. Бул тууралуу маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

«4-майдан 15-майга чейин каттоону улантууну көздөп жатабыз. Каттоо негизинен бүтүп калган. Бирок кандайдыр бир себептер менен каттала албаган балдарга 15-майга чейин катталууга мүмкүнчүлүк берели деп жатабыз«, — деп тестирлөөгө катышууну каалаган окуучуларды убагында каттоодон өтүүгө жетишүүгө чакырды Исаков.

Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 26-февралда башталып, 3-апрелде аяктамак. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу каттоо убактысы кийинкиге калтырылган.

Ал эми тестирлөө 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бардык санитардык шарттар каралып, социалдык дистанция сакталган негизде өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM