Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Окуучуларга жол кирени азайтуу керек

Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 881 | 0

Мектеп окуучуларынын коомдук унаада жүрүүсү үчүн мурдагы тарифти кайтаруу зарыл. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал Бишкекте жол киренин көтөрүүдө мектеп окуучулары эске алынбаганын белгилеп, комитет мүчөлөрүнө окуучулардын жол киресин мурдагы тарифке өткөрүү буйругун чыгарууну сунуштады.

Ошондой эле депутаттар Эмил Токтошев менен Сайдулла Нышанов («Ата Мекен») башка мамлекеттерде мектеп окуучулары үчүн жол кире бекер экенин айтышып, келечекте бизде ошондой кылуу керектигин билдиришти.

Белгилей кетсек, автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сом ал эми кичи автобустарда 15 сом.

Copyright © 2017 Maral FM