Биз менен байланышыңыз

БШК мүчөсү Акылбек Эшимов мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 1035 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов өз каалоосу менен мандатын тапшырууга арыз жазды. Бул маалыматты БШК тастыктады.

Эске сала кетсек, ал «Кыргызстан» парламенттик фракциясынан шайланган.

Буга чейин УКМК 11-сентябрда БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов алдамчылык фактысы боюнча кармалганын билдирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Акылбек Эшимов 2020-жылдын июнь айында «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүп алып, Жогорку Кеңештеги саясий уюмдан депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы бештигине кирүү үчүн арыздануучудан 550 миң доллар алган.

Милдеттенмелерин аткарбай, БШКнын мүчөсү жана партиянын лидерлеринин бири А.Д.га 300 миң долларын кайтарып берип, 250 миң долларын бербей качып жүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM