Биз менен байланышыңыз

БШК: Бүгүн кайра шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктайт

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 506 | 0

Бүгүн саат 18:00дө 27-февралга дайындалган кайра шайлоо үчүн №27 Биринчи май жана № 29 Свердлов округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер көрсөтүү аяктайт. Бул тууралуу БШКнын расмий сайты билдирди.

Бир мандаттуу округдан талапкер көрсөтүү өзүн өзү сунуштоо же саясий партиянын съездинин чечими менен жүргүзүлөт. Талапкер бир округдан гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Талапкердин толук документи белгиленген шайлоо күнгө 27 күн калганга чейин, тагыраагы, 30-январь саат 18:00дөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.

БШКдан билдиришкендей, 26-январга карата 54 талапкерден документтер түшүп, алардын 18и катталган. Учурда талапкерлердин мыйзам талаптарына ылайыктыгын аныктоо үчүн текшерүү жүрүп жатат.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо бул округдарда «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM