Биз менен байланышыңыз

БШК кайра шайлоого 16 талапкерди каттады

Кыска кабар | 23 Янв 2022 | 971 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыз тапшырган 32 талапкердин он алтысын каттады. Бул тууралуу БШКнын расмий сайты жарыялады.

Талапкерлердин күбөлүгүн жана шайлоо өнөктүгү учурунда кол тийбестикти Биринчи шайлоо округу боюнча Капаров Чынгыз Капарович, Мамбетсадыков Азамат Нурбекович, Кермалиев Таалайбек Женишович, Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна, Бакиров Бакыт Жеентайович жана Свердлов шайлоо округу боюнча Жолдошова Назгуль Амантуровна, Мотуев Нурдин Аманканович, Алканова Элнура Сайдиракмановна, Болотбеков Бакытбек Болотбекович, Маматкулов Нурланбек Жолошович, Алмамбетова Гуля Идиновна, Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич, Аспек уулу Азамат, Саадабаев Бакыт Муратбекович, Бакиров Бакыт Жеентайович, Токтакунов Нурбек Акбарович, Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич алышкан.

БШК шайлоо округдарынын биринде эки талапкер бирдей добушка ээ болсо, документтерин биринчи тапшырып, каттоодон биринчи өткөн талапкер жеңүүчү болорун эскертет.

27-февралда №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында Жогорку Кеңешке депутат шайлоо өтөт.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо бул округдарда «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM