Биз менен байланышыңыз

Парламент Карыбек Дүйшеевдин отставкасын колдоду

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 436 | 0

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеевдин арызы каралып, депутаттардын колдоосун тапты.

Кечээ Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитет да анын отставкасын колдогон.

Кызматтан кетүү арызын Карыбек Дүйшеев өзү жазып, аны парламентке өлкө президенти Садыр Жапаров сунуштаган.

Карыбек Дүйшеев бул кызматка 2019-жылдын 20-июнунда 7 жылдык мөөнөт менен шайланган.

Мыйзам боюнча Конституциялык соттун төрагасын бошотуу Судьялар кеңешинин чечими, президенттин сунушу менен ишке ашат.

Жыйынтыгында президенттин сунушу Жогорку Кеңеште колдоо таап, Дүйшеевдин арызы канааттандырылды.

Copyright © 2017 Maral FM