Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 1339 | 0

13-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды. Алгач депутаттар бирдиктүү комитет режиминде иш алып баруу менен сунушталган депутаттардын талапкерлигин карап, колдоого алышты. Андан соң сунушталган талапкерлерге жалпы жыйында добуш берилди.

Жыйынтыгында:

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Коргонбай уулу Жусупбек, Чынгыз Ажыбаев жана Замирбек Мамасадыков;

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Лейла Лурова, Чолпон Султанбекова жана Айбек Осмонов;

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Миргүл Темирбаева жана Жаныбек Кыдыкбаев;

Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басарлыгына Гүлкан Молдобекова, Айбек Маткеримов жана Аида Исатбек кызы;

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Мирлан Самыйкожо, Марат Мураталиев, Кундузбек Сулайманов;

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Эльдар Сулайманов;

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Айсара Абдибаева, Өмүрбек Бакиров, Дастан Бекешев;

Укук тартиби, кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Русланбек Жакишев, Искендер Матраимов жана Бакыт Тентишев.

Copyright © 2017 Maral FM