Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны эртеңкиге жылдырылды

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 451 | 0
Автор: Айбек Бийбосунов

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны эртең, 7-январга жылдырылды. Жогорку Кеңештин депутаттары аймактарда болгондуктан кворум болгон жок. Жыйынга 90 депутаттын 39у гана келген. Парламенттин жыйыны башталышы үчүн эң аз 46 депутат катышышы керек болот.

Буга чейин Жогорку Кеңеш коңшу Казактандагы акыркы кырдаалда талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогула тургандыгын кабарланган болчу.

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасамак. Ташиев Казакстандагы окуялардын өнүгүүсүнө реакция кылуу боюнча өкмөттүк штабды жетектемей болгон.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келип, өлкө боюнча өзгөчө абал режими жарыяланган.

Кийин Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылган. Уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү чечимин кабыл алды. 6-январда эртең менен Казакстанда көптөгөн талап-тоноолор жана курмандыктар катталган.

Copyright © 2017 Maral FM