Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтөт

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 368 | 0

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кошумча маалымат парламенттин басма сөз кызматы аркылуу жыйын соңунда таратылат.

Буга чейин Жогорку Кеңеш коңшу Казактандагы акыркы кырдаалда талкуулоо үчүн кезексиз жыйынга чогула тургандыгын кабарланган болчу.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин митингдер өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келип, өлкө боюнча өзгөчө абал режими жарыяланган.

Кийин Токаев ЖККУга жардам сурап кайрылган. Уюм Казакстанга тынчтык орнотуучу күчтөрдү жиберүү чечимин кабыл алды. 6-январда эртең менен Казакстанда көптөгөн талап-тоноолор жана курмандыктар катталган.

Башаламандык учурунда 10 аскер кызматкери каза болгонун өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Copyright © 2017 Maral FM