Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги мектептер 14-апрелге чейин жабылат

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 2075 | 0

14-апрелден тарта Бишкек шаарынын мектептеринде окуу салттуу негизде уланат. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өткөн маалымат жыйында мэриянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

Белгилүү болгондой, 11-апрелде шайлоо жана референдум өтөт. УШКлар 14 билим берүү мекемесинде жайгашкандыгына байланыштуу аталган мектептердин окуучуларын онлайн окутуу чечими кабыл алынды.

Иманалиева Бишкекте окуу процесси мурунку тартипте уланарын белгиледи.

«6-7-8-класстын окуучулары гана онлайн окуйт. Калгандары салттуу түрдө билим алышат. 11-апрелдеги шайлоого карата 14 бала бакчада шайлоо тилкеси түзүлгөн. Андыктан алар 14-апрелге чейин жабылат. Ошондой эле мектептерде да окуу 14-апрелде башталат», — деди Иманалиева.

Иманалиева кошумчалагандай, шайлоодон кийин имараттар 12-13-апрелде дезинфекцияланат.

Copyright © 2017 Maral FM